Үзгүлтүксүз билим берүү борбору тарабынан жүргүзүлүп жаткан таанытуу иш-чараларынын алкагында борбордун карамагында ачылган курстар боюнча жарнамалык афишалар университетибиздин аймагындагы санариптик экрандарда көрсөтүлө баштады.
Бул иш-чара аркылуу Үзгүлтүксүз билим берүү борборунун билим берүү программалары тууралуу студенттерди, академиялык жана административдик кызматкерлерди өз убагында жана так маалымат менен камсыз кылуу; курстарга жеткиликтүүлүктү жеңилдетүү жана катышууну арттыруу максат кылынууда. Санариптик экрандар аркылуу жасалган жарыялар актуалдуу жана кеңири маалыматты кыска убакытта көпчүлүккө жеткирүүгө мүмкүнчүлүк түзүүдө.
Мындан тышкары, Үзгүлтүксүз билим берүү борбору өз курстарын таанытуу максатында Социалдык курулуштар имаратында да жарнамалык афишаларын чагылдырды. Натыйжада университет кызматкерлери жана студенттери көп топтолгон аймактарда маалымат берүү иштери күчөтүлүп, курстар тууралуу жарыялардын көрүнүктүүлүгү жогорулатылды.
Үзгүлтүксүз билим берүү борбору кесиптик жана жеке өнүгүүгө багытталган билим берүү программалары аркылуу өмүр бою билим алуу түшүнүгүн колдоого, университет менен коомчулуктун кызматташуусун чыңдоого жана сапаттуу кадрларды даярдоого салым кошууну улантууда.
Борбор катары биздин максат — «Ар бир куракка жана максатка ылайык билим» урааны менен өзүн үзгүлтүксүз өнүктүрүүнү каалаган ар бир адамга жетүү жана сапаттуу билим берүү!