Үзгүлтүксүз билим берүү борбору

     Үзгүлтүксүз билим берүү борбору бакалавриат жана ЖОЖдон кийинки билим берүү программмаларынан сырткары окутуу жана изилдөө иштерин жүргүзгөн бардык тармактар боюнча окуу программаларын даярдоо, ошондой эле университеттин мамлекеттик, жеке менчик, мамлекеттик эмес жана эл аралык уюмдар менен болгон кызматташтыгынын өнүгүүсүнө салым кошуу максатында  Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин Камкорчулар кеңешинин чечими менен 2008-жылы курулган.

    Үзгүлтүксүз билим берүү борборунун  максаттарына ылайык, мамлекеттик, жеке секторго, бейөкмөт уюмдарга жана эл аралык уюмдарга жана адистерге тийиштүү тармактар боюнча консультациялык кызматтарды көрсөтөт,  жергиликтүү жана эл аралык деңгээлде окуу программаларын, курстарды, семинарларды, конференцияларды уюштуруп, бул иш-чараларды координациялайт жана бул жаатта университеттеги бардык мүмкүнчүлүктөр жөнүндө маалымат берет. 

     Дүйнөлүк глобалдашуунун натыйжасында тынымсыз өзгөрүп, өнүгүп келе жаткан жашоо шарттарын эске алуу менен мекемелердин жана жеке адамдарга керектүү багыттарда кеңеш берип, билимдерин жаңыртуу жана сапаттуу билим берүү максатында университетибиздин студенттери, академиялык жана административдик кызматкерлери, мамлекеттик жана жеке сектор мекемелери жана коомго окуу программаларын уюштурат жана координацалайт. Мындан тышкары борбор тарабынан чет тили, компьютердик жана башка инсандык өнүгүү боюнча тренингдерди өткөрөт. .

      Кыргызстан-Түркия Манас университетинин үзгүлтүксүз билим берүү борбору миссиясы -  окуу жайдын профессордук-окутуучулук курамынын кесипкөйлүгү жана иш тажрыйбасынан пайдаланып,  жеке адам жана мекемелерге тийиштүу багытта сапаттуу үзгүлтүксүз билим берүү программаларын даярдоо менен  коомдун өнүгүүсүнө салым кошуу.  

       Кыргыз-Түрк "Манас" университети үзгүлтүксүз билим берүү борборунун негизги принциптери - борбордун максаттарына ылайык жеке адам жана мекемелерге билим берүү, илимий изилдөө багытында консультациялык колдоо көрсөтүп, коомдун кызыкчылыктарын эске алуу менен өз тармагында эң алдыңкы  борбор болуу.