#

Үзгүлтүксүз билим берүү борбору тарабынан «Медиа жана маалыматтык сабаттуулук» аттуу семинар өткөрүлдү

Feb 11, 2026

КТМУ Үзгүлтүксүз билим берүү борбору тарабынан 2026-жылдын 11-февралында «Медиа жана маалыматтык сабаттуулук» темасында семинар уюштурулду.

Семинардын ачылыш сөзүн борбордун төрагасы, PhD профессор Йүжел Өксүз сүйлөдү. Ал өз сөзүндө санарип доорунда туура маалыматка жетүү, маалыматты талдоо жана жоопкерчиликтүү контент түзүү көндүмдөрү жеке адамдар жана мекемелер үчүн өзгөчө мааниге ээ экенин белгиледи. Ошондой эле борбор коомдук аң-сезимди жогорулатууга багытталган билим берүү иш-чараларын мындан ары да уланта берерин билдирди.

Семинарды доцент м.а. Бану Эрдоган Чакар өткөрүп, санарип медиа сабаттуулугу техникалык гана жөндөм эмес, сынчыл ой жүгүртүүнү, талдоону жана этикалык жоопкерчиликти талап кылган көп кырдуу компетенттүүлүк экенин баса белгиледи. Ал катышуучуларга санарип платформаларда кездешкен жалган маалыматтар, маалыматтык башаламандык жана социалдык медиа этикасы боюнча заманбап мисалдардын негизинде түшүндүрмө берди.

Иш-чарага Гуманитардык факультеттин декан орун басары, ага окутуучу докт. Лейла Бабатүрк жана башка окутуучулар да катышты. Чоң кызыгуу жараткан семинар суроо-жооп бөлүгү менен жыйынтыкталды.

КТМУ Үзгүлтүксүз билим берүү борбору мындан ары да ар түрдүү багыттар боюнча уюштурулуучу окутуу программалары жана семинарлар аркылуу академиялык жана коомдук салым кошууну улантат.