Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин (КТМУ) Ректорлугунун демилгеси менен Үзгүлтүксүз билим берүү борбору (ҮБББ) тарабынан 2025–2026-окуу жылынын жазгы семестринде Орто жана Батыш Азия Кулак-мурун-тамак жана баш-моюн хирургиясы ассоциациясынын мүчөсү болгон дарыгерлер үчүн уюштурулган онлайн түрк тили курсу расмий түрдө онлайн форматта ачылды.
КТМУнун Чет тилдер жогорку мектебинин окутуучуларынын академиялык колдоосу менен жүргүзүлгөн программага КТМУнун ректору, профессор Алпаслан Жейлан, Баш катчы, доктор Фатих Рамазан Истанбуллугил жана Үзгүлтүксүз билим берүү борборунун жетекчиси профессор Йүжел Өксүз катышты. Ачылыш аземине Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан жана Кыргызстандан келген дарыгер-курсанттар да катышышты.
Түрк тили – жүрөктөрдү жакындаткан орток тил
КТМУнун ректору, профессор Алпаслан Жейлан түрк тили жөн гана байланыш каражаты эмес экенин белгилеп:
“Түрк тили – биздин орток тарыхыбыздын, маданиятыбыздын жана руханий байланышыбыздын алып жүрүүчүсү. Бүгүн ар кайсы өлкөлөрдөн келген урматтуу дарыгерлердин түрк тилин үйрөнүүгө болгон аракети илимий кызматташтыкты гана эмес, маданий жакындашууну да бекемдейт,” – деди.
Ал ошондой эле Кыргыз-Түрк “Манас” университети түзүлгөн күндөн тартып түрк дүйнөсүнүн ортосунда илимий, маданий жана академиялык көпүрөлөрдү курууну негизги миссия катары кабыл алганын белгилеп, башталган онлайн түрк тили курсу ушул миссиянын конкреттүү көрүнүшү экенин айтты.
КТМУнун Үзгүлтүксүз билим берүү борборунун жетекчиси, профессор Йүжел Өксүз онлайн түрк тили курсу тууралуу маалымат берип, окутуу A1 жана B1 деңгээлдеринде өткөрүлөрүн билдирди. Сабактар жумасына эки күн өтүп, курстун аягында өткөрүлө турган экзаменден ийгиликтүү өткөн курсанттарга сертификаттар берилерин белгиледи.
Сабактар жумасына эки күн өтүп, окуунун жыйынтыгында экзаменден ийгиликтүү өткөн дарыгерлерге тиешелүү сертификаттар ыйгарылат.
