#

Студенттерге психологиялык көмөк

Feb 9, 2023

Түркиядагы жер титирөөгө байланыштуу иш-чаралардын алкагында Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде студенттерге психологиялык колдоо көрсөтүү үчүн чогулуштар жана кызматкерлерге психологиялык биринчи жардам көрсөтүү боюнча семинар өткөрүлдү.

Баш катчылыкка караштуу Ден соолук, маданият жана спорт башкарлыгынын студенттердин инсандык өнүгүү жана кеңешүү борбору тарабынан үй-бүлөлөрү жер титирөөдөн жабыркаган студенттерибизге психологиялык колдоо көрсөтүү үчүн чогулуш уюштурулду. Мындан тышкары, студенттик жатаканада иштеген кызматкерлерибизге психологиялык биринчи жардам көрсөтүү боюнча семинар да өткөрүлдү.

Түркиядагы жер титирөөдөн улам үй-бүлөлөрү жана жакындары жабыркаган студенттер үчүн психологиялык колдоо жана маалымат жыйыны өткөрүлдү. Гуманитардык факультетинин Педагогика бөлүмүнүн мугалими жана Үзгүлтүксүз билим берүү борборунун жетекчиси доц. др. Эркан Эфилти жолугушууда студенттерге психологиялык колдоо көрсөтүү боюнча маалымат берди. Бул оор процессти жеңүү үчүн дайыма аларга колдоо көрсөтөөрүн билдирди.

Манас университетинин Студенттик өнүктүрүү жана кеңеш берүү борбору жер титирөөдөн жабыркаган студенттерге үзгүлтүксүз колдоо көрсөтүүдө. 

 

Медиа Манас