#

КТМУ Үзгүлтүксүз билим берүү борбору тарабынан “Изилдөөлөрдө жасалма интеллектти колдонуунун этикалык чектери” аттуу семинар өткөрүлдү

Mar 25, 2026

КТМУ Үзгүлтүксүз билим берүү борборунун (ҮБББ) иш-чараларынын алкагында 2026-жылдын 25-мартында доцент, доктор Явуз Эржан Гүл тарабынан “Изилдөөлөрдө жасалма интеллектти колдонуунун этикалык чектери” аттуу семинар өткөрүлдү.

Доцент, доктор Явуз Эржан Гүл өз баяндамасында жасалма интеллекттин негизги түшүнүктөрүнө, илимий изилдөөлөрдө колдонулушуна жана аны пайдаланууда сакталуучу этикалык нормаларга кеңири токтолду. Ошондой эле, жасалма интеллектти колдонууда жоопкерчилик, академиялык адептүүлүк жана заманбап илимдеги жаңы чакырыктар тууралуу маалымат берилди. Катышуучулар семинар аркылуу жасалма интеллекттин илим, билим берүү жана изилдөө тармагындагы мүмкүнчүлүктөрү боюнча кеңири түшүнүк алышты.

Семинарга университеттин окутуучулары жана студенттери активдүү катышып, иш-чара суроо-жооп бөлүгү менен жандуу форматта уланды.

Семинардын соңунда КТМУ ҮБББнын жетекчиси Проф. Др. Йүжел Өксүз тарабынан доцент, доктор Явуз Эржан Гүлгө атайын ыраазычылык баракчасы тапшырылды.

КТМУ Үзгүлтүксүз билим берүү борбору ар түрдүү багыттарда илимий жана кесиптик өнүгүүгө багытталган иш-чараларды мындан ары да улантат.