доц. м.а. Абдулкадир Шекер өз баяндамасында жасалма интеллекттин негизги түшүнүктөрүн, билим берүү жана илим изилдөө тармагындагы колдонулушун жана окутуу процесстерине тийгизген таасирин кеңири жана көп кырдуу талдап берди. Ошондой эле жасалма интеллектке негизделген окутуу чөйрөлөрү, окуу материалдарын даярдоо, студенттердин жетишкендиктерин талдоо жана окутуу процессин оптималдаштыруу боюнча практикалык мисалдар сунушталды. Мындан тышкары, санариптик билим берүү системасында жасалма интеллекттин мүмкүнчүлүктөрү менен катар анын билим сапатын жогорулатууда жана окутууну жекелештирүүдө ээлеген орду өзгөчө белгиленди. Жасалма интелект программаларынын түрлөрү тууралуу сөз кылып, алардын өзгөчөлүктөрүн ачыктап берди.
Семинарга университеттин окутуучулары жана студенттери активдүү катышып, чоң кызыгуу көрсөтүштү. Иш-чара суроо-жооп бөлүгү менен коштолуп, катышуучулардын пикир алмашуусуна шарт түздү.
Семинар катышуучуларда билим берүүдө жасалма интеллекттин ролу тууралуу түшүнүктү тереңдетип, бул багыттагы инновацияларды колдонуу зарылдыгын дагы бир жолу тастыктады.
КТМҮ Үзгүлтүксүз билим берүү борбору илимий жана кесиптик өнүгүүгө багытталган ар түрдүү иш-чараларды уюштуруу менен өз ишмердүүлүгүн ийгиликтүү улантууда.


