#

Коопсуздук кызматкерлерине түрк тили боюнча билим деңгээлин жогорулатуу курсу башталды

Feb 14, 2023

Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Баш катчылыгына караштуу коопсуздукту сактоо бөлүмүндө эмгектенген коопсуздук кызматкерлерине түрк тилинин билим деңгээлин жогорулатуу курсу башталды.

Үзгүлтүксүз билим берүү борбору тарабынан уюштурулган квалификацияны жогорулатуу программасы 2023-жылдын 14-февралынан 06-апрелине чейин өткөрүлөт.

Түрк тили Университетибиздин чет тилдер жогорку мектебинин мугалимдери тарабынан берилип, курстун соңунда коопсуздук кызматкерлери түрк тилин өздөштүрүшүп, жаңы билим жана көндүмдөргө ээ болушат. Ошондой эле курстун жүрүшүндө кесиптик чеберчиликти өнүктүрүү жана мотивациялоо боюнча лекциялар окулат. Курсту ийгиликтүү аяктаган катышуучуларга сертификат тапшырылат.