#

АУТИЗМ жөнүндө маалымдоо иш-чарасы

Mar 17, 2023

АУТИЗМ жөнүндө маалымдоо иш-чарасы

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Үзгүлтүксүз билим берүү борбору (ҮҮБББ) жана Эмпатия студенттик коомчулугу менен биргеликте аутизм жөнүндө маалымдоо үчүн колго сүрөт тартуу иш-чарасы уюштурулду.

Иш-чарага  Ректорубуз Проф.докт. Алпаслан ЖЕЙЛАН, Биринчи проректор Докт. Бактыгүл Каламбекова жана проректор проф. докr. Мехмет Сезай Түрк, университетибиздин академиялык жана административдик кызматкерлери жана студенттер катышты.

2-апрель Бүткүл дүйнөлүк аутизм күнүнө карата уюштурулган колго сүрөт тартуу иш-чарасына аутизм менен ооруган балдар ата-энелери менен бирге чакырылып, коомчулукка маалымдоо жана түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Борбордун жетекчиси жана Эмпатия коомчулугунун кеңешчиси Доц. докт Эркан Эфилти ачылыш сөзүндө : «Аутизмгдин себеби так билинбесе да, эрте диагностиканын маанилүү экенин жана эрте берилген билим берүү аркылуу жакшы жыйынтыктарды алып келген туралуу изилдөөлөр бар экенин, мындай иш-чаралардын максаты дагы аутизмди маалымдоо» экенин билдирди. 

Ректорубуз Жейлан мырза иш-чаранын ачылыш сөзүндө "Манас" университетиндеги социалдык  жоопкерчилик иш-чараларына өтө чоң маани берилип жатканын, былтыр мындай иш-чаралардын саны 156 болсо, быйыл 200гө жеткирилерин баса белгиледи. Ал өзгөчө жеке адамдар үчүн иш-чаралар биздин университетте барган сайын улана тургандыгын билдирди.

Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучуларга аутизм тууралуу брошюра таратылып,  колго сүрөт тартуу менен жыйынтыкталды.

 

MEDIAMANAS

Haber Videosu: https://youtu.be/4W0P7UWlvMQ

Haber Fotoğrafları: http://mediamanas.kg/lang-tr/4910-manasta-dnya-otizm-gn-etkinlii-dzenlendi.html