#

Араб тилин ийгиликтүү аяктагандарга сертификат тапшырылды

Mar 3, 2023

Кыргыз-Түрк Манас университетинин Үзгүлтүксүз билим берүү борбору  тарабынан ачылган араб тили курсун ийгиликтүү аяктагандарга сертификаттар тапшырылды.

Сертификат тапшыруу аземи 2023-жылдын 17-мартында өткөрүлүп, курска катышуучуларга сертификаттарын проректор проф. др. Мехмет Сезаи Түрк, тышкы байланыштар координатору проф. др. Кемал Полат жана борбордун жетекчичи доц. др. Эркан Эфилти тапшырышты. 

Иш-чарада доц. др. Эркан Эфилти катышуучуларга борбордун ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берип, борбор үстүбуздөгү жылы эле 40тан ашык иш-чара өткөргөнүн билдирди.

Проф. др. Мехмет Сезаи Түрк билим берүүнун үзгүлтүксүз болушунун өтө маанилүү экенин баса белгилеп, бугүнкү күндө адамдардын ар  тараптуу өнүгүшү жагынан Үзгултүксүз билим берүү борборунун салымы зор экенин айтып өттү.

Сертификат тапшыруу аземи эстеликек сүрөткө түшүү менен аяктады.

Медиаманас