#

Түркчѳ курсун аяктаган коопсуздук кызматкерлерге сертификаттар тапшырылды

Apr 19, 2023

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Үзгүлтүксүз билим берүү борбору тарабынан 2023-жылдын 14-февралынан 6-апрель аралыгында уюштурулган 8 апталык (32 саат) “Башталгыч түркчѳ” (А1 деңгээли) курсун университеттин Коопсуздукту сактоо бѳлүмүнүн 35 кызматкери аяктады.

Үстүбүздѳгү жылдын 19-апрелинде  университеттин ректору, профессор Алпаслан Жейлан, проректор, профессор Мехмет Сезаи Түрк, проректор, доцент Камалбек Карымшаков жана башкы катчы, доцент Октай Ѳзгүлдүн катышуусунда Коопсуздукту сактоо бѳлүмүнүн кызматкерлерине башталгыч түркчѳ курсун ийгиликтүү аяктагандыгы тууралуу сертификаттар тапшырылды.

 

Медиа Манас

http://mediamanas.kg/4932-trke-kursu-katlm-belgesi-takdim-treni-yapld.html