#

Фитосанитардык контролдун адистери үчүн уюштурулган атайын окуу курсунун катышуучуларына сертификаттар тапшырылды

Sep 18, 2023

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин айыл чарба факультети менен Үзгүлтүксүз билим берүү борбору фитосанитардык контролдун (көзөмөлдүн) адистеринин квалификациясын жогорулатуу максатында 2023-жылдын 4-сентябрынан 15-сентябрына чейин “Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн карантиндик жана зыяндуу объекттерин табуу жана аныктоо” темасында ѳткѳргѳн эки жумалык окуу курсуна 45 адис катышты.

Аталган окуу курсу Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана коргоо департаментинин адистери үчүн уюштурулду.

Айыл чарба факультетинин деканы, профессор Атилла Дурсун окуу курсунун катышуучуларын куттуктап, мындай деди: “Жылдан жылга өсүмдүктөрдө көптөгөн жаңы илдеттер пайда болуп жатат, ага каршы күрөшүүгө жаңы методдорду үйрөнүү зарылчылыгы чыгууда. Айыл чарба эгиндеринин илдеттери жана зыянкечтери боюнча кенен маалымат алдыңыздар деп ишенебиз. Окуу курсунан алган билим менен маалыматтарды бышыктап практикада колдонорсуздар. Ушул окуу курсун уюштурган уюштуруучуларга ыраазычылык билдирирем жана катышуучулардын иштерине ийгилик каалайм”, - деди факультет деканы.

КТМУнун Үзгүлтүксүз билим берүү борборунун жетекчиси, доцент Эркан Эфилти: “Негизинен университеттердин коомчулукка өзгөчө салымдарынын бири бул тармактык билим берүүлөрдү ишке ашыруу болуп эсептелет. Биз университет үчүн салым кошуп жатканыбызга кубанычтабыз. Алган билимиңиздерди талаа иштеринде колдоносуздар деген ишеничтебиз. Айыл чарба министрлиги менен кызматташкандыгыбыз ыраазычылыгыбызды билдиребиз”, -деди.

Андан кийин Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана коргоо департаментинин директору Дыйканбай Кенжебаев өз сөзүндө университеттин жетекчилигине ыраазычылык билдирип мындай деди: “Сиздер менен жүз көрүшүп турганыма аябай кубанычтамын. КТМУ менен Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана коргоо департаментинин ортосунда кызматташуу келишими бар, ошол келишимдин негизинде окуу деңгээлин көтөрүү максатында биз сиздерге кайрылдык.

Окутуу иши 2 жума бою сүрдү, мурунку жума 23 киши болсо, бул жума 45 кишиге жетти. Мен ошол балдар менен жеке дагы баарлаштым, алар силердин окутуу иштериңерге аябай ыраазы. Бул окутууга келгендердин баары жер жерлерден келишти жана ал жерде активдүү иш алып баргандар. Алган билимдери менен фермерлерге чоң жардамчы болот деген ишеничтемин. Сиздерге дагы бир ирет ыраазычылык билдирем, алдыда дагы иштешебиз деген ойдомун”.

Иш-чаранын жабылыш аземине Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана коргоо департаментинин директору Дыйканбай Кенжебаев, Айыл чарба факультетинин деканы, профессор Атилла Дурсун жана Үзгүлтүксүз билим берүү борборунун жетекчиси, доцент Эркан Эфилти катышып, курстун катышуучуларына сертификат тапшырышты.

ММК жана коомчулук менен байланышуу бөлүмү

https://manas.edu.kg/kg/news/4315