#

“Манас” университетинде "Жаныбарлардан адамдарга жуккан айрым жугуштуу оорулар жана алардан сактануу жолдору" темасында семинар өткөрүлдү

Nov 30, 2023

2023-жылдын 22-ноябрь күнү Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Касым Тыныстанов атындагы жыйындар залында Үзгүлтүксүз билим берүү борборунун кезектеги семинары болуп өттү.

Бул ирет семинарды ветеринария факультетинин деканынын орун басары, доц.м.а.док. Фатих Рамазан Истанбуллугил "Жаныбарлардан адамдарга жуккан айрым жугуштуу оорулар жана алардан сактануу жолдору" темасында өтүп, ага университетибиздин проректору, профессор Мехмет Сезаи Түрк, профессордук-окутуучулук курам, административдик кызматкерлер жана студенттер катышты.

Семинардын  ачылыш сөзүн сүйлөгөн “Манас” университетинин проректору, профессор Мехмет Сезаи Түрк жугуштуу оорулар жана алардан сактануу жолдору боюнча маалымдуулукту жогорулатуу максатында Үзгүлтүксүз билим берүү борбору тарабынан уюштурулган иш-чаранын маанилүүлүгүнө токтолуп, мындай деп улантты: “Жаныбарларды сүйүү маанилүү, бирок жоопкерчилик да ала билүү керек, качан гана жоопкерчилик алганыбызда адамзат, айлана-чөйрө үчүн коркунуч жараткан жугуштуу ооруларды алдын алууга болот.”

Ветеринария факультетинин деканынын орун басары, доц.м.а.док. Фатих Рамазан Истанбуллугил иш-чаранын катышуучуларына жаныбарлардан адамдарга жуккан бруцеллез жана анын түрлөрү, эбола вирусу, кутурма сыяктуу жугуштуу оорулардын бир нече түрү, алардан сактанууда эмнеге көңүл буруу керектиги, дарылануу мөөнөтү боюнча кенен маалымат берди.

“Жугуштуу оорулардан сактануу жолдорун көпчүлүгүбүз билебиз, бирок баш ийүү керек болгон эрежелерге көнүл бура бербейбиз. Күнүмдүк жашообузда санитардык-гигиеналык эрежелерди так аткаруу ар бирибиздин милдетибиз,”-деген доц.м.а.док. Фатих Рамазан Истанбуллугил тамактанууга жана тазалыкка көңүл буруу керектигин баса белгиледи.

Иш-чара катышуучулардын суроолоруна жооп берүү менен соңуна чыкты.

ММК жана коомчулук менен байланыш бөлүмү

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/C0CQ5mttaWj/?utm_source=ig_web_copy_link&igshid=MzRlODBiNWFlZA==

Manas TV Haberi:

https://youtu.be/9PAtbgxho8g?feature=shared