#

КТМУнун Үзгүлтүксүз билим берүү борбору тарабынан өтүлгөн улуу памирликтерге кыргыз тили онлайн курсу аяктады

Dec 28, 2023

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин социалдык жоопкерчилик долбоорунун алкагында КТМУнун Үзгүлтүксүз билим берүү борбору, Улуу Памир айыл өкмөтү, Кыргыз түрктөрү маданият жана жардамдашуу коому тарабынан 2023-жылдын 23-октябрь-23-ноябрь аралыгында уюштурулган “Кыргыз тили (онлайн)” курсунун сертификат тапшыруу аземи үстүбүздөгү жылдын 27-декабрында онлайн өткөрүлдү.

Иш-чарага “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан, Үзгүлтүксүз билим берүү борборунун мүдүрү, доц.Др Эркан Эфилти, Туруктуу өнүктүрүү комиссиясынын жетекчиси, профессор Кемал Полат, Кыргыз түрктөрү маданият жана жардамдашуу коомунун төрагасы Абдулметин Кескин жана Улуу Памир айыл өкмөт башчысы Эйүпхан Ватансевер, стажерлор, “Манас” университетинин басма сөз кызматы катышты.

Ачылыш сөзүн сүйлөгөн Үзгүлтүксүз билим берүү борборунун мүдүрү, доц.др  Эркан Эфилти аталган борбордун жүргүзгөн иш-аракеттери менен Кыргызстандын бардык булуң-бурчуна жете алгандарын белгилеп, эл аралык аренада маанилүү бир иш ишке ашканы менен сыймыктангандарын билдирди. Доц.Др Эркан Эфилти, ректор, профессор Алпаслан Жейланга көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип, катышуучуларга ийгилик каалады.

Сертификат тапшыруу аземине катышкан “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан: “Улуу Памир Кыргызстан менен Анадолунун ортосунда көңүл көпүрөсүн жаратып, бул көпүрөнүн алтын шакеги “Манас” университети. Биздин максат – Түрк дүйнөсү мамлекеттеринин уюму жайгашкан мамлекеттерде бул биримдиктин калыптанышын камсыз кылуу,”-деди.

Баяндамасында биримдикке басым жасаган ректор, профессор Алпаслан Жейлан мындай деди: “Манас” үй-бүлөсү бир бүтүн. Бул бүтүндүн бөлүктөрүн бириктиргенибизде эмнелерге жетээрибизди көрө алабыз. Эң негизги максатыбыз - бул аракетти бир гана билим берүү тармагында эмес, маданият тармагында да биримдикти камсыздоо.” Ректор, профессор Жейлан салым кошкондорго ыраазычылык билдирип, катышуучуларга ийгилик каалады. Сөзүн Хажы Бекташ-ы Велинин “Бир бололу, ири бололу, жигердүү бололу!”- сөздөрү менен жыйынтыктаган ректор, профессор Алпаслан Жейлан түрк дүйнөсүнүн биримдик жана тилектештикте күчтөнөт деген ишенимин билдирди.

Кыргыз түрктөрү маданият жана жардамдашуу коомунун төрагасы Абдулметин Кескин өз сөзүндө: “Дүйнөлүк рейтингде орун алган университеттен билим алуу биз үчүн сыймык,”-деп, бул мүмкүнчүлүктү түзүп берген “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейланга жана окуу жайдын жалпы жамаатына ыраазычылык билдирди.

Улуу Памир айыл өкмөт башчысы Эйүпхан Ватансевер буларга токтолду: “Манас” университетинин берген билимдин жардамы менен кыргыз маданиятын Кыргызстанда жашап жаткандай сезишкенин айтты. Ошондой эле Мухтар Эйүпхан Ватансевер курстар студенттерге маалымат гана жеткирип тим болбостон, аларга маданий тажрыйба да берерин баса белгилеп, мындай тажрыйба аларга чоң байлык экенин айтып, ректор, профессор Алпаслан Жейланга ыраазычылык билдирди.

Курстун катышуучуларынын атынан сүйлөгөн Жумабай Эргин сабактар аркылуу жаңы досторду таап, үйрөнгөн маданий баалуулуктар менен жемиштүү болгонун билдирди.

Катышуучуларына катышуу баракчаларын тапшырылган иш-чарада курсту уюштурууга салым кошкон “Манас” университетинин Туруктуу өнүктүрүү комиссиясынын жетекчиси, профессор Кемал Полат, Кыргыз түрктөрү маданият жана жардамдашуу коомунун төрагасы Абдулметин Кескинге, Улуу Памир айыл өкмөт башчысы Эйүпхан Ватансевер жана курстарды өткөргөн окутуучулар доцент Райхан Таштемирова менен Бакытбек Джунусалиевге да ыраазычылык баракчалары ыйгарылды.

 

ММК жана коомчулук менен байланыш бөлүмү

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/C1YqUOat6mq/?utm_source=ig_web_copy_link&igsh=MjJkMmIyYzQxYw==