#

"Таасирдүү ата-эне болуунун сыры" конференциясы

Nov 21, 2022

Педагогика бөлүмүнүн окутуучусу жана Үзгүлтүксүз билим берүү борборунун башчысы, доцент Эркан Эфилти тарабынан 25.03.2022 күнү Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин академиялык жана административдик жамааты үчүн  "Таасирдүү ата-эне болуунун сыры-2: Дүйнө балдардын көзүндө" темасында конференциясы болуп өттү. Конференция Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин ректорунун башкы кеңешчиси, гуманитардык факультеттин деканы Проф., Докт. Ахмет Беше агайыбыздын ачылыш сөзү менен башталды. Ачылыш сөзүндө «Заманбап муктаждыктар балдарды тарбиялоодогу кыйынчылыктарды күчөттү. Бул бизди чоңойткон улууларыбызга салыштырмалуу начар абалга калтырды. Бул учурда балдарды тарбиялоодо бүгүнкүдөй иш-чаралардын салымы чоң» - деп, иш-чаранын маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Конференция тууралуу MEDIAMANAS кабарчысына маек куруп жатып, Доц. Др. Эркан Эфилти, биринчи конференциянын эки жашка чейинки бөбөктөр тууралуу экенин эске салгандан кийин: «Биринчи балалык мезгили, 2-6 жаш, адам жашоосунун кийинки мезгили үчүн абдан маанилүү бир кадам. Бул мезгилде үй-бүлө көңүл бурушу керек болгон маанилүү процесстерди камтыйт. Физикалык өнүгүү катары балдардын негизги жүрүм-туруму деп аталган ыргытуу, кармоо, чуркоо, секирүү сыяктуу кыймыл-аракеттерин колдоо зарыл. Балдардын психикалык өнүгүүсүн колдоо үчүн оюнчуктарды тандоого көңүл буруу зарыл. Балдарга даяр оюнчуктарга караганда, объектилерди жасай ала турган оюнчуктарды алып берүү маанилүү. Айрыкча, бир туугандардын кызганычын пайда кыла турган жүрүм-турумдардан алыс болуу керек. Жеке бул өтө оор мезгил. Үй-бүлөлөр дааратканага үйрөтүүдө убакытка, жерге жана мамилеге этият болушу керек. Балдардын өз алдынчалыгын жана ишкердүүлүгүн өнүктүрө турган туура жүрүм-турумду көрсөтүү балдардын бул мезгилди ден-соолукта өтүшү үчүн абдан маанилүү» - деп, жаш балдарды тарбиялоого байланыштуу кеңештерин берди.

MEDIAMANAS

Кабар видеосу: https://youtu.be/0SPACXd3Fhk

Кабар сүрөттөрү: http://mediamanas.kg/lang-tr/4187-etkili-anne-baba-olma-sanat-konferans.html