#

"Кыргыз патент" кызматкерлери үчүн түрк тили курсу

Nov 28, 2022

Үзгүлтүксүз Билим Берүү Борбору Башкармалыгы (КТМУ ҮҮББ) тарабынан уюштурулган, 2022-жылдын 14-мартында башталган курс жумасына эки күн болуп, төрт жумага созулат.

Курс тууралуу MEDIAMANAS кабарчысына сүйлөгөн КТМУ ҮҮББ башчысы Доц. Др. Эркан Эфилти: «Урматтуу ректорубуз, проф. док. Алпаслан Жейландын сунушу жана камкордугу менен башталган бул иш-чараны университетибиздин миссиясы жана көз карашына ылайык, Кыргыз Республикасынын расмий мекемелери жана коомчулук менен болгон карым-катнаштарды максималдуу кеңейтүүдөгү маанилүү кадамдардын бири катары көрөбүз.  Биз мекеме катары эки боордош өлкөнүн ортосундагы эң маанилүү өнөктөштүктөрдүн бири катары кабыл ала турган тилде биригүү аракеттерине маани беребиз. Үзгүлтүксүз билим берүү  борбору катары, ректорубуздун колдоосу менен, Кыргыз Республикасынын ар кайсы мекеме-уюмдары менен биргелешип жүргүзө турган иш-чаралар менен мындан ары да бул мамилени чыңдайбыз» деди. 

Үзгүлтүксүз билим берүү  борбору КТМУнун социалдык жоопкерчилик иш-чараларынын алкагында көптөгөн долбоорлорду ишке ашырууга даярданууда.

MEDIAMANAS

Кабар видеосу: https://youtu.be/sygbJfzF

Кабар сүрөттөрү: http://mediamanas.kg/lang-tr/4148-krgzpatent-alanlarna-ynelik-trke-kursu.html