КЫРГЫЗ-ТҮРК “МАНАС” УНИВЕРСИТЕТИНИН ҮЗГҮЛТҮКСҮЗ БИЛИМ БЕРҮҮ БОРБОРУ БОЮНЧА

НУСКАМАСЫ 

 

Максаты жана мазмуну

1-берене. Кыргыз-Түрк “Манас” университети ишке ашырган бакалавриат жана ЖОЖдон кийинки билим берүү программмаларынан сырткары окутуу жана изилдөө иштерин жүргүзгөн бардык тармактар боюнча окуу программаларын даярдоо, ошондой эле университеттин мамлекеттик, жеке менчик, мамлекеттик жана эл аралык уюмдар менен болгон кызматташтыгынын өнүгүүсүнө салым кошуу максатында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин үзгүлтүксүз билим берүү борбору түзүлгөн.

 

Аныктамалар жана кыскартуулар

2-берене. (1) Бул нускамада төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:

Университет :                                            Кыргыз-Түрк “Манас” университети;

Ректорат :                                                  Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Ректору жана Биринчи проректору;

Университеттин башкаруу кеңеши :     Кыргыз-Түрк“Манас”университетинин Башкаруу кеңеши;

Борбор :                                                    Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин үзгүлтүксүз билим берүү борбору;

Жетекчи :                                                  Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин үзгүлтүксүз билим берүү борборунун жетекчиси;

Башкаруу кеңеши :                                  Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин үзгүлтүксүз билим берүү борборунун башкаруу кеңеши;

Консультативдик кеңеш :                      Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин үзгүлтүксүз билим берүү борборунун консультативдик кеңеши. 

 

Иштөө чөйрөсү

3-берене. Үзгүлтүксүз билим берүү борборунун максаттарына ылайык мамлекеттик, жеке менчик, мамлекеттик эмес жана эл аралык уюмдарга жана адистерге тийиштүү тармактар боюнча консультациялык кызмат көрсөтөт, жергиликтүү жана эл аралык деңгээлде окуу программаларын, курстарды, семинарларды, конференцияларды уюштуруп, бул иш-чараларды координациялайт жана бул жаатта университеттеги бардык мүмкүнчүлүктөр жөнүндө маалымат берет. 

 

Башкаруу органдары

3-берене.

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин үзгүлтүксүз билим берүү борборунун башкаруу органдары төмөндөгүдөй:

       a) Борбордун жетекчиси;

       b) Борбордун башкаруу кеңеши;

       c) Консультативдик кеңеш.

 

Борбордун жетекчиси

4-берене. Борбордун жетекчиси университетте убактылуу жана үзгүлтүксүз иштеген профессор окутуучулардын арасынан тандалып, ректорат тарабынан 3 жылга дайындалат. Иштөө мөөнөтү аяктаган борбордун жетекчиси кайрадан дайындалышы мүмкүн. Борбордун жетекчиси ошол эле жол-жобонун негизинде кызмат ордунан четтетилиши мүмкүн.  Борбордун жетекчиси борбордун иштөө чөйрөсүнө тиешеси бар окутуучулардын ичинен бирөөнү өзүнө орун басар катары дайындайт жана аны ректоратка билдирет. Борбордун жетекчиси кызмат ордунда болбогон учурларда анын орун басары же борбордун башкаруу кеңешинин мүчөлөрүнүн бирөөсү анын милдетин убактылуу аткарат. Убактылуу милдет алты айдан ашкан учурда, борборго жаңы жетекчи дайындалат.

 

Борбор жетекчисинин ыйгарым укуктары жана жоопкерчиликтери

6-берене. Борбордун жетекчиси башкаруу кеңеши кабыл алган чечимдерди жана даярдаган иштөө пландарын жүзөгө ашырат. Борборго караштуу бөлүмдөрдүн иштерин борбордун максатына ылайык башкарат. Окуу программаларынын ийгиликтүү жана максатка ылайык ишке ашырылышы үчүн тиешелүү чараларды көрөт.

Борбордун максаттарына ылайык иштөө чөйрөлөрү боюнча өнөктөштөр менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, долбоорлорду даярдайт же даярдатат, өз тармагына тийиштүү иштердин координацияланышын камсыздайт. Аткарылган иш-чаралар жөнүндө отчётту даярдап, башкаруу кеңешине сунуштайт. Борбордун атынан ар түрдүү байланыштарды камсыздайт.

 

Башкаруу кеңешинин түзүлүшү

7-берене. Борбордун башкаруу кеңеши борбордун жетекчиси, жетекчинин орун басары жана тийиштүү тармак боюнча профессор-окутуучулардын ичинен ректорат сунуштаган 6 талапкердин арасынан университеттин башкаруу кеңеши тарабынан тандалган үч мүчө менен кошо бардыгы болуп беш мүчөдөн турат.

Борбордун башкаруу кеңешинин мүчөлөрүнүн кызмат мөөнөтү – 3 жыл. Мөөнөтү аяктаган мүчөлөр кайра дайындалышы мүмкүн. Кызмат мөөнөтү аяктабай кызматтан кеткен, милдетинен четтетилген же чет мамлекетте үч айдан ашык иштеген мүчөлөрдүн ордуна ошол эле жол-жобонун негизинде жаңы мүчөлөр дайындалат.

 

Башкаруу кеңешинин жыйындары жана милдеттери

8-берене. Башкаруу кеңеши борбордун жетекчисинин чакыруусу менен чогулат. Жыйында борбордун жетекчиси тарабынан даярдалган күн тартибиндеги маселелер каралып, тийиштүү чечим кабыл алынат. Башкаруу кеңеши көпчүлүк добуштун негизинде чечим чыгарат. Башкаруу кеңеши отчеттук мезгилдин аягында борбордун жетекчиси тарабынан даярдала турган отчётко байланыштуу жол-жоболорду аныктайт, берилген отчётту карап чыгат жана отчеттук мезгилге тийиштүү иштөө планын даярдайт. Биринчи беренеде көрсөтүлгөн окуу программаларынын соңунда ыйгарылчу сертификаттарды жана аларды тапшыруу тартибин университеттин Окумуштуулар кеңешине сунуштайт.

Башкаруу кеңеши сунушталган окуу программаларынын ичинен кайсылары жүзөгө ашырыларын, бул программаларды ишке ашыруу үчүн кимдер дайындаларын, төлөнө турган төлөмдүн өлчөмүн ректоратка сунуштай алат. Бул төлөмдөр түшкөн кирешелердин эсебинен төлөнөт. Борбордун жетекчилиги тарабынан даярдалган бюджеттин долбоорун карап чыгат жана тийиштүү чечим чыгарып ректоратка сунуштайт.

 

Консультативдик кеңеш

9-берене. Борбордун консультативдик кеңеши ар бир факультеттин, институттун, жогорку мектептин, кесиптик жогорку мектептин жана ректоратка караштуу бөлүмдөрдүн ичинен башкаруу кеңеши тарабынан аныкталган бирден мүчөдөн, ошондой эле мамлекеттик жана мамлекеттик эмес уюмдар менен ишкерлер чөйрөсүнүн өкүлдөрүнүн ичинен ректораттарабынан тандалган беш мүчөдөн турат. Консультативдик кеңештин мүчөлөрүнүн иштөө мөөнөтү – 3 жыл. Кызмат мөөнөтү аяктаган мүчөлөр консультативдик кеңешке кайрадан дайындалышы мүмкүн. Мөөнөтү аяктабай кызматтан кеткен мүчөлөрдүн ордуна жаңы мүчөлөр дайындалат.

Консультативдик кеңеш борбордун жетекчисинин чакыруусу менен бир жылда кеминде эки жолу чогулат. Борбор боюнча жүргүзүлгөн иш-чараларды карап чыгып, сунуштарын билдирет жана иштөө чөйрөлөрү боюнча комиссияларды түзүшү мүмкүн. 

 

Күчүнө кирген 1-берене. Бул инструкциянын 3-беренесине ылайык, университеттин бөлөкБашкармалыктары тарабынан өткөрүлүп жаткан иш-чаралар жана бул инструкция күчүнө киргенге чейин жүзөгө ашчу бардык иш-аракеттер КТМУҮБББ көзөмөлүнө берилет. 

 

Убактылуу 1-берене. Бул нускаманын 3-беренесинде аныкталган иштөө чөйрөлөрү боюнча университеттин башка түзүмдөрү тарабынан аткарылган иш-чаралар менен бул нускама күчүнө киргенге чейин аткарыла турган бардык иш-чаралар борборго тапшырылат.

 

Күчүнө кириши 10-берене. Бул нускама Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Камкорчулар кеңеши тарабынан кабыл алынган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Ишке ашырылышы 11-берене. Бул нускама Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректораты тарабынан ишке ашырылат.

 

Университеттин Камкорчулар кеңешинин 2014-жылдын 22-декабрындагы 2014-02/11-номерлүү чечиминин негизинде бул нускамадагы “мүдүр” деген сөз “жетекчи”, ал эми “мүдүрдүн орун басары” деген сөз “жетекчинин орун басары” менен алмаштырылган.

 

Бул нускама Камкорчулар кеңешинин 2011-жылдын 30-сентябрындагы 2011-02/5-б-номерлүү чечиминин негизинде кабыл алынган.