Үзгүлтүксүз билим берүү борбору (ҮБББ) тарабынан онлайн форматта уюштурулган «Кыргыз тилин окутуу курсу» ийгиликтүү башталды.
Аталган иш-чара Улупамир айылынын муниципалдык башкармалыгы жана Гөлбашы кыргыздарынын “Ак Калпак” маданият жана билим берүү коомдук бирикмеси менен кызматташтыкта, социалдык жоопкерчилик долбоору катары ишке ашырылууда.
Курс 2026-жылдын 31-январында башталып, 2026-жылдын 03-майында аяктайт.
Окуу программасын ийгиликтүү аяктаган катышуучуларга Үзгүлтүксүз билим берүү борбору тарабынан сертификат тапшырылат.
Кыргыз тилин сактоого жана өнүктүрүүгө, келечек муундарга жеткирүүгө багытталган багытталган бул окутуу курсу бардык катышуучулар үчүн жемиштүү болот деп ишенебиз.