#

2026-2027 окуу жылы үчүн курстар ачылууда

Sep 30, 2026

Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Үзгүлтүксүз билим берүү борбору 2026–2027-окуу жылына карата ар түрдүү багыттар боюнча билим берүү жана өнүктүрүү курстарын ачууда.

«Ар бир куракка, максатка ылайык билим» урааны менен иш алып барган борбор кесиптик, академиялык жана жеке өнүгүүгө багытталган окуу программаларын коомдун талаптарына жана катышуучулардын муктаждыктарына ылайык сунуштайт.

Жаңы окуу жылында уюштурула турган курстар студенттерге, окутуучуларга, мамлекеттик жана жеке сектордун кызматкерлерине, ошондой эле билимин жана көндүмдөрүн өркүндөтүүнү каалаган бардык жарандарга багытталат. Сабактар тиешелүү тармактар боюнча тажрыйбалуу адистер тарабынан өтүлүп, заманбап билимдерди жана практикалык көндүмдөрдү өздөштүрүүгө өзгөчө көңүл бурулат.

2026–2027-окуу жылында сиз да өзүңүзгө жаңы максат коюп, билимиңизди жана кесиптик көндүмдөрүңүздү өркүндөтүүгө мүмкүнчүлүк алыңыз.

Ачыла турган курстардын тизмеси жана маалыматтары БУЛ ЖАКТА!

Байланыш / WhatsApp: 0999 087 100

Кыргыз-Түрк «Манас» университети
Үзгүлтүксүз билим берүү борбору