#

Үзгүлтүксүз билим берүү борборунда семинарлар сериясы уланууда

Feb 17, 2026

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Үзгүлтүксүз билим берүү борборунун (ҮБББ) иш-чараларынын алкагында 2026-жылдын 17-февралында ҮБББнын төрага орун басары, PhD доцент Алпер Ышын тарабынан “Молекулярдык гастрономия” аттуу семинар өткөрүлдү.

PhD доцент Алпер Ышын өз баяндамасында молекулярдык гастрономиянын негизги түшүнүктөрүн, илим менен ашкананын өз ара байланышын, азык-түлүктөрдүн физикалык жана химиялык өзгөрүү процесстерин кеңири түшүндүрүп берди. Ал гастрономия тармагындагы инновациялык ыкмалардын жана илимий техникалардын маанисине токтолуп, бул багыттын академиялык жана практикалык жактарына өзгөчө көңүл бурду. Катышуучулар молекулярдык гастрономиянын билим берүү, илимий изилдөө жана өндүрүш тармактарындагы мүмкүнчүлүктөрү тууралуу кеңири маалымат алышты.

Семинарга университеттин окутуучулары жана студенттери активдүү катышып, чоң кызыгуу көрсөтүштү. Иш-чара суроо-жооп бөлүгү менен уланып, катышуучулардын суроолоруна жооптор берилди.

Семинардын соңунда ҮБББнын төрагасы, PhD профессор Южел Өксүз тарабынан ыраазычылык баракчасы тапшырылды.

КТМУнун Үзгүлтүксүз билим берүү борбору ар түрдүү тармактарда илимий жана кесиптик өнүгүүгө багытталган иш-чараларды уюштуруу аркылуу коомго жана академиялык чөйрөгө салым кошууну улантууда.