#

Үзгүлтүксүз билим берүү борборунда 2025–2026 окуу жылынын жазгы семестринде жаңы курстар ачылды

Feb 2, 2026

 

Үзгүлтүксүз билим берүү борборунда  2025–2026 окуу жылынын жазгы семестринде жаңы курстар ачылды.  Борбор жеке жана кесиптик өнүгүүнү колдоо максатында тил окутуудан баштап, искусство, саламаттык сактоо жана технологияга чейинки кеңири курстарды уюштурат. .

Бул семестрде катышуучулардын суроо-талабына жараша көптөгөн курстар ачылды:

  • Тил үйрөнүү: кыргыз тили (Вандык кыргыздар үчүн), француз тили, немис тилинин башталгыч жана орто деңгээли (A1, A2), орус тилинин башталгыч деңгээли, англис тилинин башталгыч жана орто деңгээли, түрк тилинин башталгыч жана орто деңгээли (A1, B1)

  • Көркөм өнөр: гитара, тигүү (B топ), дикция

  • Академиялык жана кесиптик Өнүгүү: Табигый илимдер жана коомдук илимдер багытында долбоор жазуу курстары

  • Компьютер жана технология: Excel курсу, SPSS курсу (Башталгыч жана Жогорку деңгээл)

  • Агроөнөр: Жемиш бакчаларында кыркып жана багып өстүрүү системалары

Борбор тарабынан ачылган курстар катышуучулардын билим жана көндүмдөрүн чыңдоого багытталган. Борбордун максаты – ар бир адамга ылайыктуу билим алуу мүмкүнчүлүгүн берүү, өмүр бою үйрөнүүнү колдоо жана жеке менен кесиптик өнүгүүгө салым кошуу.

Үзгүлтүксүз билим берүү борбору сапаттуу билим берүүнү алдыңкы орунга коюп, ар кандай курактагы жана кесиптеги адамдарга билим алуу мүмкүнчүлүктөрүн сунуштоону улантууда.