#

Кыргыз-Түрк Манас университети Үзгүлтүксүз билим берүү борбору тарабынан “Карьераны пландоо” аттуу семинар уюштурулду

May 14, 2026

Кыргыз-Түрк Манас университети Үзгүлтүксүз билим берүү борбору (ҮБББ) тарабынан уюштурулган иш-чаралардын алкагында, 2026-жылдын 15-майында Билим берүү илимдери бөлүмүнүн окутуучусу, проф.док.Сулейман Барбарос Ялчын тарабынан “Карьераны пландоо” аттуу семинар өткөрүлдү.

Семинарда карьераны пландоонун инсандык жана кесиптик өнүгүүдөгү мааниси талкууланып, студенттердин келечекке карата максат коюу процесси, туура кесиптик тандоо жасоо жана эмгек жашоосунда ийгиликке жетүү үчүн зарыл болгон негизги факторлор кеңири каралды. Мындан тышкары, адамдын кызыгуу багыттарын жана жөндөмдөрүн аныктоонун карьералык өнүгүүдөгү маанилүү орду өзгөчө белгиленди.

Проф.док. Сүлейман Барбарос Ялчын өз баяндамасында азыркы эмгек рыногунда бир гана академиялык жетишкендик жетишсиз экенин, ошондой эле коммуникациялык жөндөмдөр, лидерлик сапаттар, көйгөйлөрдү чечүү жөндөмү жана санариптик билгичтиктер дагы карьералык өнүгүүдө чоң мааниге ээ экенин белгиледи. Ошону менен катар өзгөрүп жаткан эмгек дүйнөсүнө ыңгайлаша алуу үчүн ар бир адам өзүн үзгүлтүксүз өнүктүрүп турушу керектигин баса белгиледи.

Семинардын жүрүшүндө студенттерге карьералык максаттарды аң-сезимдүү түрдө аныктоо, убакытты туура пайдалануу, жеке өнүгүү жана кесиптик тажрыйба топтоонун мааниси тууралуу түрдүү кеңештер берилди. Катышуучулар карьераны пландоо процесси боюнча кызыктырган суроолоруна жооп алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.

Семинарга университеттин окутуучулары жана студенттери активдүү катышып, чоң кызыгуу көрсөтүштү. Иш-чара суроо-жооп бөлүгү менен интерактивдүү түрдө уланып, катышуучулардын пикир алмашуусуна шарт түздү.

Семинардын соңунда ҮБББнын төрагасы, PhD профессор Южел Өксүз тарабынан ыраазычылык баракчасы тапшырылды.

Семинардын катышуучулардын карьераны пландоо боюнча аң-сезимин жогорулатууга көмөк көрсөткөнү жана келечекке болгон максаттарын так жана туура аныктоосуна оң таасирин тийгизгени байкалды.

Кыргыз-Түрк Манас университети Үзгүлтүксүз билим берүү борбору илимий, академиялык жана кесиптик өнүгүүгө багытталган иш-чараларды уюштурууну мындан ары да улантууда.