2026-жылдын 15-майында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Үзгүлтүксүз билим берүү борбору университеттин тарыхына кирген дагы бир маанилүү иш-чараны өткөрдү. Биринчи жолу уюштурулган тигүү жана түймө курстарынын катышуучулары өз эмгектеринин жемишин Курманжан Датка галереясында болгон салтанаттуу көргөзмө-дефиледе көпчүлүккө тартуулады.
Үзгүлтүксүз билим берүү борбору тарабынан ачылган тигүү жана түймө курстары кыска убакыттын ичинде катышуучулар менен мугалимдердин эмгегинин аркасында жогорку натыйжаларга жетишти. Курстардын жыйынтыгында өткөрүлгөн “Түймө жана тигүү көргөзмө – дефилеси” университеттин тарыхында бул чөйрөдө биринчи жолу уюштурулган иш-чара болгондуктан, өзгөчө мааниге ээ болду.
Ачылыш аземинде сөз алган Үзгүлтүксүз билим берүү борборунун башчысы проф. д-р Йүжел Өксүз курстар жаңыдан башталганына карабастан абдан ийгиликтүү аяктаганын белгилеп, катышуучуларды жана мугалимдерди куттуктады. Мындай практикалык окутуунун адамдардын кесиптик жана жеке өсүүсүнө зор салым кошорун да өзгөчө баса белгиледи. КТМУ ректору проф. д-р Алпаслан Жейлан болсо университет академиялык билим берүү менен гана чектелбестен, коомго кызмат кылган өмүр бою билим алуу багытында да алдыңкы орунда келе жаткандыгын белгиледи. Ал бул иш-чараны Үзгүлтүксүз билим берүү борборунун өнүгүп жаткан максаттарынын айкын далили катары баалап, салым кошкондордун бардыгына ыраазычылыгын билдирди.
Курманжан Датка галереясында катышуучулардын жараткан түймө жана тигүү буюмдары жайгаштырылып, кошумча катары дефиле уюштурулуп көрүүчүлөрдүн назарына сунулду. Ар кыл түстөгү дизайндардан жана кол өнөрчүлүктүн нарктуу үлгүлөрүнөн турган коллекция катышуучулардын жеткен чеберчилигин айгинелеп, көрүүчүлөрдүн жүрөгүнөн орун алды.