#

Үзгүлтүксүз билим берүү борборунда 2025–2026-окуу жылы үчүн жаңы курстар ачылды!

Feb 3, 2026

Үзгүлтүксүз билим берүү борборунда  2025–2026 окуу жылынын жазгы семестринде жаңы курстар ачылды.  Борбор жеке жана кесиптик өнүгүүнү колдоо максатында тил окутуудан баштап, искусство, саламаттык сактоо жана технологияга чейинки кеңири курстарды уюштурат. .

Бул семестрде катышуучулардын суроо-талабына жараша көптөгөн курстар ачылды:

  • Тил үйрөнүү: кыргыз тили (Вандык кыргыздар үчүн), француз тили, немис тилинин башталгыч жана орто деңгээли (A1, A2), орус тилинин башталгыч деңгээли, англис тилинин башталгыч жана орто деңгээли, түрк тилинин башталгыч жана орто деңгээли (A1, B1)

  • Көркөм өнөр: гитара, тигүү (B топ), дикция

  • Академиялык жана кесиптик Өнүгүү: Табигый илимдер жана коомдук илимдер багытында долбоор жазуу курстары

  • Компьютер жана технология: Excel курсу, SPSS курсу (Башталгыч жана Жогорку деңгээл)

  • Агроөнөр: Жемиш бакчаларында кыркып жана багып өстүрүү системалары

Борбор тарабынан ачылган курстар катышуучулардын билим жана көндүмдөрүн чыңдоого багытталган. Борбордун максаты – ар бир адамга ылайыктуу билим алуу мүмкүнчүлүгүн берүү, өмүр бою үйрөнүүнү колдоо жана жеке менен кесиптик өнүгүүгө салым кошуу.

Үзгүлтүксүз билим берүү борбору сапаттуу билим берүүнү алдыңкы орунга коюп, ар кандай курактагы жана кесиптеги адамдарга билим алуу мүмкүнчүлүктөрүн сунуштоону улантууда.

Университетибиздин үзгүлтүксүз билим берүү борбору кесиптик билимди жана көндүмдөрдү өнүктүрүү максатында 2025–2026-окуу жылынын жазгы семестринде жаңы курстарды ачты.

Борбор тил үйрөнүүдөн баштап искусство, саламаттык жана техникалык багыттарга чейин ар тараптуу курстарды уюштуруп, каалоочуларга жакшы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүдө. Ачылган курстар төмөнкүлөр:

Тил курстары

  • Француз тили
  • Немис тили: Башталгыч  A 1 (Б группасы)
  • Немис тили: А 2  орто (A  группасы)
  • Немис тили: А 2  орто (Б  группасы)
  • Орус тили: Башталгыч
  • Англис тили: Башталгыч  (Beginner)
  • Англис тили: Башталгыч (Elementary)
  • Англис тили: Орто деңгээл (Pre-Intermediate ) ( а жана б тайпасы)
  • Англис тили: Жогорку орто деңгээл (Intermediate)
  • Практикалык англис тили
  •  
  • Орус тили: Орто деңгээл ( А 2 деңгээли)
  • Орус тили: Практикалык курс
  • Немис тили: Башталгыч (оффлайн)
  • Немис тили: Башталгыч (онлайн)
  • Кыргыз тили: Башталгыч
  • Кыргыз тили: Орто деңгээл

Искусство жана маданият багытындагы курстар

  • Түрк элдик бийи
  • Моңгол бийи
  • Кавказ бийи 
  • Комуз
  • Түймө
  • Тигүү

Саламаттык жана технология багыттагы курстар

  • Дарылоочу дене тарбия (ЛФК)
  • СММ
  • Java Backend
  • Компьютердик көмөк менен өндүрүш (CNC)

Билим алуу курстун кеминде 60% катышкан жана баалоо сынагынан 60 баллдан жогору алгандарга борбор тарабынан расмий сертификат тапшырылат.

Үзгүлтүксүз билим берүү ар кандай курактагы жана кесиптеги катышуучуларды кабыл алып, квалификациялуу адистерди даярдоону жана өмүр бою билим алуу принцибин колдоп иш-чараларын улантат.

Билим алууга эч качан кеч эмес!