#

Кыргызстанда туризмди өнүктүрүүгө багытталган долбоорлор тууралуу жолугушуу болуп ѳттү

May 31, 2022

2022-жылдын 31-майында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин туризм факультетинде Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар министрлиги менен биргеликте уюштурулган “Кыргызстанда мейманкана бизнесинин эко маркировкасын киргизүү сунушу” аттуу илимий добоору, ошондой эле Селжук университети менен биргеликте ишке ашырылып жаткан “Кыргызстандын туристтик ишканалары менен профессионалдык мамилелерди изилдөө жана өнүктүрүү долбоору” боюнча брифинг жана жыйынтыктоочу жолугушуу болуп өттү.

Жыйынга Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Самат Шатманов, “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан жана бириничи проректору, профессор Асылбек Кулмырзаев катышты.

Жолугушуунун ачылышында эки өлкөнүн улуттук гимндери жаңырып, окуу-жайды таанытуу фильми көрсөтүлгөн  соң ачылыш сөздөрү сүйлөндү. 

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары жана Туризм департаментинин директору Самат Шатманов өз сөзүндө министрликтин университет менен болгон кызматташуусун жогору баалаарын жана эки тараптуу алака курууда ректор Алпаслан Жейландын салымы чоң экенин белгилеп, мындан ары да КТМУ менен кызматташууга кызыктар экенин билдирди.

Кыргызстандын пайдасы үчүн туризмди өнүктүрүү аракеттеринин үстүндө иш алып барып жатышканын билдирген ректор Алпаслан Жейлан университет катары өлкөнүн өнүгүшүнө бардык тармакта көмөк көрсөтүүгө даяр экенин айтты.

Окуу иштери боюнча проректор, доцент Камалбек Карымшаков да туризм сектору Кыргызстандын экономикасынын локомотивдик тармактарынын бири  экенин айтып, окуу-жайда туризмди өнүктүрүү жана бул тармакта, келечекте иш алып бара турчу кадрлардын кесиптик билимин, тажрыйбасын жогорулатуу боюнча иш-аракеттер жүргүзүлүп жатканын билдирди.

Андан соң туризм факультетинин деканынын м.а.,профессор Ясин Бойлу аталган долбоорлордун үстүндө эмгектенген командаларга ыраазычылыгын билдирсе,  “Кыргызстанда мейманкана бизнесинин эко маркировкасын киргизүү сунушу” аталышындагы долбоордун координатору, туризм жана мейманкана иштетүү бөлүмүнүн башчысы Мустафа Мурат Кызанлыклы проект тууралуу учкай маалымат берип өттү.

Иш-чаранын жүрүшүндө Селчук университетиндеги Хуглу кесиптик окуу-жайынын директору Эркан Акгөздүн  “Кыргызстандын туристтик ишканалары менен профессионалдык мамилелерди изилдөө жана өнүктүрүү долбоору” боюнчаа видео кайрылуусу көрсөтүлдү.

Брифингдин соңунда сертификаттар тапшырылды.