#

Үзгүлтүксүз билим берүү борборунун семинарлары уланууда

Nov 6, 2023

2023-жылдын 31-октябрында Кыргыз-Түрк “Манас" университетинин Касым Тыныстанов жыйындар залында окуу жайдын профессордук-окутуучулук курамы, административдик кызматкерлер жана студенттер үчүн Үзгүлтүксүз билим берүү борбору тарабынан кезектеги семинар уюштурулду. “Google кызматтарынын административдик иштерде колдонулушу” аттуу темадагы семинарды инженердик факультеттин компьютер инженерлиги бөлүмүнүн бөлүм башчысы,  доцент Рита Исмаилова өттү.

Google кызматтарын административдик иштерде колдонууну үйрөтүү жана жайылтуу максатында өткөрүлгөн семинарга университеттин профессордук-окутуучулук курамы, административдик кызматкерлер жана студенттер катышты.

Семинар ишти жеңилдетүү үчүн колдонулган сервистер тууралуу болуп, анда доцент Рита Исмаилова Windows Microsoft кеңсе колдонмолорунун аналогу болгон Google’дун негизги кызматтары: Gmail, Google Календарь, Google Диск (Google Drive) файл хостингинин теориялык бөлүгү менен тааныштырып, кеңири маалымат берди.

Үзгүлтүксүз билим берүү борборунун башчысы, доцент Эркан Эфилти ачылыш сөзүндө аталган семинар айрыкча окуу жайдын административдик кызматкерлери үчүн абдан пайдалуу болорун баса белгилеп, заманбап коомдо технологияны колдоно билүүнүн маанилүүлүгүнө токтолду.  Доцент Эркан Эфилти борбордун алкагында активдүү ишке ашырылып жаткан курстар, иш-чаралар тууралуу да айтып берди.

Семинардын жүрүшүндө доцент Рита Исмаилованын айтымында, кагаз иштеринде файлдарды интернетте сактоо, аларды башкалар менен бөлүшүү, бирге редакциялоодо Google’дун негизги кызматтары чоң жардам берерин билдирди.

Ар бир сервис боюнча маалымат берип, алардын артыкчылыктарына, колдонуу өзгөчөлүктөрүнө токтолду.

Теориялык маалыматтар берилген соң, колдонуу ыкмасын практикада да көрсөтүп берген Үзгүлтүксүз билим берүү борборунун бул семинары катышуучулар тарабынан зор кызыгуу менен кабыл алынды.

Семинардын соңунда суроо-жооп бөлүгүнө орун берилүү менен, аталган иш-чара жыйынтыкталды.

 

ММК жана коомчулук менен байланыш бөлүмү