#

ҮББ борборунун жылдык ишинин отчету жана “Жайкы лагердин” жабылыш аземи өттү

Jun 22, 2020

2022-жылдын 30-июнунда Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Үзгүлтүксүз билим берүү борборунун жыл ичинде аткарган иштери боюнча маалымат берилди жана “Жайкы лагердин” жабылыш аземи ѳттү.

Иш-чарага окуу жайдын ректору, профессор Алпаслан Жейлан катышып, балдар эртеңки коомдун келечеги, алардын жаркын келечеги үчүн кам кѳрүшүбүз керек деди:

“Улутубуздун, Түрк дүйнѳсүнүн, жалпы адамзаттын келечеги – биздин бактыбыз, кубанычыбыз, жашообуздун максаты жана маңызы болгон балдарда. Ал эми ал балдардын келечеги – биздин колубузду. Биз балдарды турмушка кандай тарбияласак, алар бир нече жылдан кийин дал ошондой болот, алардын түзгѳн коому биз үйрѳткѳндѳй курулат. Биз балдарыбызды Түрк дүйнѳсүнүн үрп-адаттары, каада-салттары, руханий баалулуктары менен тарбияласак жаңылышпайбыз деп ойлойм. Себеби, ѳлкѳбүздүн келечеги, бакубатчылыгы балдардын тарбияланышына байланыштуу. Чынгыз Айтматовдун “Маңкурттуктан сак болгула” деген мааниси терең сѳзү бар. Чындыгында тарыхый эс-тутумун, адеп-ахлагын, руханий баалуулуктарын жоготкондун түпкүлүгү жакшы эмес. Аларга туура тарбия, татыктуу билим берүү, келечеги үчүн камкордук кѳрүү ар бирибиздин милдетибиз.

“Университеттен да артык” деп урааныбыз айтып тургандай, “Манас” университети жаштарга сапаттуу билим жана татыктуу тарбия берип коюу менен гана чектелбестен, пайдалуу иштерди жасап, коомго таасирдүү салымын кошуп келе жатат. Окуу жайыбыз мындан ары да коомго пайдалуу долбоорлорду ишке ашырууну уланта бермекчи”.

Үзгүлтүксүз билим берүү борборунун жетекчиси, доцент Эркан Эфилти борбордун жыл ичинде аткарган иш-чаралары тууралуу маалымат берди. Жалпысынан 21 иш-чара ѳткѳрүлүп, 213 киши курска катышкандыгы жана аталган борбор коомго салым кошуу менен ѳз ишмердүүлүгүн татыктуу аткаргандыгын билдирди.

Окуу иштери боюнча проректор, доцент Камалбек Карымшаков ЖОЖдор билим берип гана чектелбестен, коом менен тыгыз байланышта болуу керектигин айтты.

Университеттин башкы катчысынын м.а., доцент Октай Ѳзгүл университетте заманбап билим алууга бардык шарттар түзүлгѳндүгүн айтып, ректордун колдоосу менен университет жылдан жылга ѳнүгүп, бир топ ийгиликтерге жетишип жатканын баса белгиледи.

Иш-чаранын соңунда Үзгүлтүксүз билим берүү борбору тарабынан уюштурулган курстун катышуучуларына сертификаттар жана “Жайкы лагердин” бүтүрүүчүлѳрүнѳ катышкандыгы тууралуу баракчалар тапшырылды.

Медиа Манас

http://mediamanas.kg/lang-ky/4491-ktmsem-topluma-katk-salayan-faaliyetlerini-tantt.html