2025-жылдын 28-апрелинде Үзгүлтүксүз билим берүү борбору тарабынан “Илим жана билим-өстүрүүдө жасалма интеллект” аттуу семинар өткөрүлдү. Семинарды Инженердик факультеттин Компьютердик инженерия бөлүмүнүн ага окутуучусу, др., Айжаркын Саит кызы өткөрдү. Семинар университеттин илимий-педагогикалык кызматкерлери жана студенттери үчүн чоң кызыгуу жаратты.
Семинарда Айжаркын Саит кызы жасалма интеллекттин тарыхы жана өнүгүү жолдору, жасалма интеллекттин өзгөчөлүктөрү, түрлөрү, негизги иштөө принциптери жана колдонуу чөйрөлөрү тууралуу маалымат берди; ошондой эле жасалма интеллекттин алгоритмдери тууралуу маалыматтар катышуучулар менен бөлүштү.
Иш-чарада бүгүнкү күндө ылдам өнүгүп жаткан жасалма интеллект жана анын колдонуу аймактары, билим берүүдө кайсы багыттарда көп колдонулуп жатканы жана колдонулган секторлор тууралуу катышуучуларга маанилүү маалыматтар жана сунуштар берилди.
Айжаркын Саит кызы жасалма интеллект адам сыяктуу бир нече тармакта ойлонуу, үйрөнүү жана көйгөйлөрдү чечүү жөндөмүнө ээ экенин баса белгилеп, анын бүгүнкү күндөгү жашообуздун ажырагыс бир бөлүгү боло баштаганын билдирди.
Катышуучулар тарабынан чоң кызыгуу менен угулган семинар ыраазычылык барактарын тапшыруу жана эскерүү сүрөттөрү менен аяктады.