#

Улгайган адамдардын саламаттыгына скандинавиялык жүрүштүн таасирин изилдеген илимий изилдөө долбоору ийгиликтүү аяктады

May 30, 2025

Үзгүлтүксүз билим берүү борбору жана Спорт илимдери факультети тарабынан жүргүзүлгөн
«Скандинавиялык (нордиялык/түндүк) жүрүштүн улгайган адамдардын саламаттыгына тийгизген таасири (Бишкек шаары, Жал кичирайону, 60 жаштан жогорку тургундар үчүн)» аталышындагы илимий изилдөө долбоору ийгиликтүү аяктады.

Долбоордун алкагында 60 жаштан жогорку адамдардын физикалык саламаттыгына, кыймыл-аракет мүмкүнчүлүктөрүнө жана жалпы жашоо сапатына тийгизген таасирлери илимий ыкмалар менен изилденди. Бишкек шаарынын Жал кичирайонунда жашаган ыктыярдуу катышуучулар долбоордун жүрүшүндө скандинавиялык жүрүш боюнча уюштурулган иш-чараларга үзгүлтүксүз катышып, теориялык жана практикалык сабактарга активдүү аралашышты.

Изилдөө процессинде алынган маалыматтар скандинавиялык жүрүш улгайган адамдардын таяныч-кыймыл системасына, тең салмактуулугуна, чыдамкайлыгына жана жалпы саламаттык абалына оң таасир тийгизерин көрсөттү. Долбоор ден соолукту чыңдоого жана активдүү карылык жашоону колдоого олуттуу салым кошту.

Долбоор жыйынтыкталгандан кийин катышуучуларга катышуу сертификаттары тапшырылды. Үзгүлтүксүз билим берүү борбору жана Спорт илимдери факультети тарабынан ишке ашырылган бул изилдөө улгайган адамдар арасында сергек жашоо адаттарын жайылтуу жана илимий негизделген спорттук иш-чараларды өнүктүрүү боюнча үлгүлүү тажрыйба катары бааланды.