Үзгүлтүксүз билим берүү борборунун иш-чаралары алкагында университеттин кызматкерлерине багытталган дарылоочу дене тарбия курсу ийгиликтүү башталды.
Университеттин кызматкерлери ден соолугун чыңдоо, эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу, айрыкча таяныч-кыймыл аппаратынын ооруларынын алдын алуу максатында атайын даярдалган комплекстүү программага катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.
Курстун ачылышы университеттин сергек жашоо маданиятын жайылтуу жана кызматкерлер үчүн сапаттуу эмгек шарттарын түзүү багытындагы маанилүү кадам болуп саналат. Программа катышуучулардын жаш курагына жана кесиптик өзгөчөлүктөрүнө ылайык иштелип чыгып, илимий негиздеги көнүгүүлөрдөн турат.
Сабактар өз тармагында тажрыйбалуу адис тарабынан өткөрүлүп, коопсуз жана натыйжалуу окуу процессин камсыз кылат. Туруктуу жана аң-сезимдүү аткарылган көнүгүүлөрдүн натыйжасында катышуучулардын жалпы ден соолугу жакшыртылып, физикалык чыдамкайлыгы жогорулап, стресс деңгээли төмөндөп жана иммундук системасы бекемделиши максат кылынууда.
2025-жылдын 3-ноябрынан 2026-жылдын 30-январына чейин университеттин Жабык спорт залында өткөрүлө турган бул курстун кызматкерлердин жашоо сапатына олуттуу салым кошоруна ишенебиз.
Бардык катышуучуларга бекем ден соолук, күч-кубат жана ийгиликтүү, жемиштүү окууну каалайбыз!