#

Окутуучулар үчүн кыргыз тили курсу башталды

Feb 18, 2022

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин үзгүлтүксүз билим берүү борбору тарабынан “Кел кыргызча үйрѳнѳлү” курсу башталды. Бул окуу курсу Түркиядан келген окутуучулар үчүн уюштурулду, анда окутуучулар кыргыз тилинин практикалык курсунан сабак ала алышат. Окуу 4 айга созулуп, жумасына алты жолу, жалпысынан 120 саат ѳтүлѳт.

Бул боюнча үзгүлтүксүз билим берүү борборунун жетекчиси, гуманитардык факультетинин педагогика бөлүмүнүн окутуучусу, доцент Эркан Эфилти Түркиядан келген окутуучулар кыргыз тилинин практикалык курсунан сабак алып баштаганын жана университеттин ректору, профессор Алпаслан Жейландын колдоосу менен ишке ашырылып жаткан бул иш-чаранын алкагында окуу жайдын окутуучулары кыргыз тилин үйрѳнүп, университеттин миссиясында айтылгандай кыргыз эли менен болгон байланышты бекемдѳѳгѳ салымын кошооорун билдирди.